Казакстандагы пневмониянын көп катталышы коронавируска байланыштуу болушу ыктымал

Саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун программасынын башчысы Майкл Райан 10-июлда Женевадагы брифингде Казакстандагы пневмониянын көп катталышы туура эмес диагноздолгон коронавирустун бир формасы болушу мүмкүн экенин айткан.

"Өлкөдө COVID-19 вирусу менен ооругандардын көбөйүшү бул версияны далилдейт", - деди Райан. Ал ошондой эле дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Казакстандын бийликтери менен иштешип, бул учурлар коронавирус инфекциясына дал келерин түшүнүш үчүн пневмониясы бар бейтаптардын рентген-сүрөттөрүн изилдеп жатканын билдирди. Алар пневмониянын очогу – COVID-19 вирусунун кесепети деген пикирде болгону менен, уюмдун эксперттери башка версияларды дагы карап чыгууга даяр экенин белгиледи Майкл Райан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zamir_kgz
2020-07-12 21:31:58
Байконурду жаап салыш керек. Бул балээлердин баардык туп тамыры космодромго барып такалат. Ракетанын зыяны ото коп.
0
Paol
2020-07-12 22:32:48
Я кокуй конечно коронавируска байланыштуу
+4
PeRa
2020-07-12 23:38:23
Тим эле, жаңы планетаны ачкансып айтыптыр го.
+3
Krai
2020-07-13 01:10:18
Бул ковид пневманиясы менен орто Азияны ээлеп алды го эртерээк чыгып кетсе экен келген жагына
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан