Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Түркмөнстандагы коронавирус инфекциясын изилдөө үчүн келген беш өкүлү борбор шаар Ашхабаддагы "Йылдыз" мейманканасындагы бассейнде отурган сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Бул сүрөт кызуу талкуу жаратып жатканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү да, уюм өзү дагы бул сүрөт боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек. ДСУнун өкүлдөрү борбор шаарга келгенге чейин бир нече күн Түркмөнабадда иштешкен.
Эске салсак, ДСУнун 5 өкүлү Түркмөнстанда коронавирус каттала электигине байланыштуу атайын изилдөөгө келишкен. Он күндүк иш сапардын алкагында, алар бир катар медициналык уюмдарга, коомдук ден соолукту чыңдоо борборлоруна, лабораторияларга, республикалык, облустук жана шаардык деңгээлдеги башка мекемелерге жана өлкөгө кирген чек ара пункттарына барары пландалган.