Бүгүн, 7-июлга карата автокырсыкка кабылган ырчы Асел Кадырбекованын абалы тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков буларга токтолду.
"Ырчынын абалы оор, бирок туруктуу. Бир аздан сүйлөп баштады. Ал көбүнчө уктап жатат. Жылыш бар.
Биз аны жандандыруу бөлүмүнөн өзүнчө палатага котордук. Жанында апасы бар. Ал эми Асел Кадырбекова апасын жана башка адамдарды тааный баштады", - деди Жумабеков.
Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган.
Бишкек ШИИББи кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып, жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаранга карата Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган.