Ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгынын чоо-жайы: Шектүүгө карата райондук соттун чечими чыкты

Ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгы боюнча 297-берене ("автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат. Маалыматты бүгүн, 30-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы билдирди.

Мекемеден окуя тууралуу кеңири маалыматты кырсыктан 5 күн өткөн соң гана беришти.

Автокырсык 26-июнда саат 15:45 чамасында катталган. Анда 25 жаштагы О.М. аттуу жаран Хонда Одиссей унаасын Тыныстанов көчөсү менен айдап баратып, Медеров көчөсүнүн кесилишинен Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Тойота Камри унаасынын айдоочусу 1991-жылы туулган А.К. (ред.: Асел Кадырбекова) Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.

Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган О.М. дагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Ал эми ушул эле унаанын жүргүнчүсү, 1994-жылы туулган К.О. Улуттук госпиталга жеткирилген.

Бул жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 297-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

"Учурда жол кырсыгын жараткан деп шектелген 25 жаштагы О.М. Кылмыш-жазык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, ооруканада аны милиция кызматкерлери кайтарып жатышат. Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкты. Бүгүнкү күндө сотко чейинки ачылган кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деди мекеменин маалымат катчысы.

Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Shabi
2020-06-30 14:50:59
Опкону газдын устуно койуп койбой акырын айдаш керек эле да.жазасын тартсын эми
+28
Shef87
2020-06-30 14:54:04
Урматтуу жаш балдар рульга отурганда өпкөңөрдү бир аз басып акырын айдаганды үйрөнгүлөчү
+32
Asel69
2020-06-30 14:58:52
Тенирим Аселди колдоп, жакшы болуп кетсин.
-42
kechirmeni
2020-06-30 15:06:51
Asel69,Тенирчилер капа болбогула бирок реально тойгуздунар
+56
Jadyrashka
2020-07-01 07:50:36
kechirmeni,чын эле ушул форумда тенирчилер көп окшойт, мен да комментарийлерден коп окуйм тенирим деп жазгандарды.
+3
kechirmeni
2020-06-30 15:08:08
Asel69, вирустай болуп силер да кобойуп кеттинер окшойт
+34
milan-707
2020-06-30 16:44:02
kechirmeni,хахах жайладын вирустан кийин эле тенирчилер болуп калды
+10
Brilant-zhylan
2020-06-30 15:10:20
Asel69,ушул тенирге ишенгендер аллаанын алдына барганда тенирин ким десе кантип жооп берер экенсинер ээ аллаадан корксонор баарыбызды жараткан аллаага ишенели
+14
J1irg
2020-06-30 15:40:12
Brilant-zhylan,
Бог - орусча, аллах - арабча, God - англиче, Тенир - кыргызча. Аллах деп арабча айткандан коро, кыргызча Тенир деп айткан туура.
-14
-BOSS-
2020-06-30 16:03:02
J1irg, Кудай эле болот кыргызчасы, көкө теңир деп тоо ташты Кудай көрүп алгандар айтат
+14
kechirmeni
2020-06-30 16:03:35
J1irg, андай болсо, китеп, калем, мектеп, илим, аалым, адам, береке, ырыскы, убакыт, саат, мумкун ж.б. толтура создорду да нукура кыргызча атаганга туура келет. Озу негизи кыргыздын коп создору арапчадан алынып кыргыз тилине ассимиляция болуп синип калыптанып калган, Аллах деген соз да калыптанып, Кудай, Жараткан дегендей эле. Тенир деген соз илгери кыргыздар шаманизм маалынан калган соз, кыргыздар тоо ташка, кок асманга, кунго сыйынган, ошон учун коко тенир, тенир тоо деген создор калган
+7
D.iamond
2020-06-30 16:47:17
J1irg, Кыргызча Кудай эле болот. Арабча Робб болот. А Аллах бул Кудайдын аты болот.
Маалымат учун Гана, кечириниз.
+10
filis
2020-06-30 17:04:49
D.iamond,
Кыргыздар дайыма Жаратуучуга Тенир деп ишенип жакшы бата менен жашай беребиз.
-12
altyn7776
2020-06-30 17:11:23
D.iamond,Кудайдын аты Аллах эмес тууган. Аллах арабча аталышы. Алла Таалам деп кыргызча атайбыз
+5
ironlady
2020-07-01 00:04:42
D.iamond,Кудай деген соз кыргызча эмес, ал Фарсча ХYда дегенден чыккан.
0
ironlady
2020-07-01 00:26:16
D.iamond, Кудай деген соз кыргызча эмес фарсча. Фарсча "ХYДА" дегенден келген
Маалымат учун.
0
Usow
2020-06-30 21:50:38
J1irg, е кой таза эле кыргызчаны кыйратат экенсинго еее бог кыргызчага кудай эле болот таза илимдуу болуп кетиптирго бироо ха ха
+1
ashuular_plus
2020-06-30 18:06:48
Brilant-zhylan,
0
ashuular_plus
2020-06-30 18:07:27
Brilant-zhylan,
Тянь-Шандык кыргыздар илгертеден эле Жараткан Теңирим, Теңирчилер, Теңирден сурап деген сөздөрдү көп колдонушкан. Ишенбесеңер Кыргыздар, Сынган кылыч, Каныбек деген кыргыздын чыгармаларын окуп чыккыла. Кудай Таала деп, Жараткан Алла деп кайрылышчу, АллаХ деп айтчу эмес, бул арабдардын сөзү.
+7
kechirmeni
2020-06-30 15:15:54
Asel69, Откондо шефинер ооруну Кыргызстанга келбейт деп адашканда эле эсинерге келбединерби, Аллах колдосун, Кудай колдосун деп айтканга духунар жетпесе да жок дегенде Жаратканым озу колдосун деп койгула
+8
Usow
2020-06-30 21:48:52
Asel69,тенир озу ким адамбы айбанбы?
0
gulzat85
2020-06-30 15:35:39
Жазасын алсын
+5
J1irg
2020-06-30 15:40:54
Тенирим жалгасын.
-17
natasha00
2020-06-30 16:40:28
J1irg,Кудай жалгасын деп бироо жакщы иш кылса ошентип айтат. А сен Арстан алайдын баласы Тенирим жалгасын деп эмне мааниде айтып жатасын?Сага окшогондор кичине кок мээни иштетип койсо Элдер бат эле онолот эле.
+4
taalay25
2020-06-30 17:00:10
J1irg,рекламанынды башка жака барып кылчы
-3
sirenaaaaa
2020-06-30 16:26:42
Канча жылга соттор салганда деле жоголгон ден соолук калыбына келбейт. Ошондуктан абайла айдагылачы бай болгурлар. Мен да 5жылдан бери азап тартып келет.
+5
filis
2020-06-30 17:19:09
Тенир колдосун кыйынчылыкта.
-10
Ailino
2020-06-30 18:33:18
filis,Тенир тенир деп эле жармашып жазып калдынар го.
+4
Nursul
2020-06-30 21:13:15
Ailino, айткан сайын көбөйүп баратышат а
+1
Nursul
2020-06-30 21:14:08
Жазасын алсын эми жакшы болуп чыгып
0
Taalaibek.
2020-06-30 21:32:30
Мен бул жол кырсыктын туура жана так чечишин каалайм. Кимиси башкы жолдо келе жатты эле? Кайсыл кочодо кочонун бурчунда "Уступите дорогу" деген белги турат.
-1
taalay25
2020-06-30 23:12:05
Taalaibek.,видоену кара, праван болсо тушуносун
0
Taalaibek.
2020-07-03 18:55:20
taalay25, Сен туура эмес ортого коп кыпчылат экенсин. Менин сага жамандыгым жок! Видеону жакшылап карап корсон баары корунуп турат. Мен эч кимди куноологум келбейт. Болгону так жана туура чечилсе экен дейм. Сага жана уй-булоно ынтымат.
0
XATSAN125
2020-07-01 12:41:20
Башка аламдар болгондо сот 3 айга созулмак
+1
taalay25
2020-07-01 13:23:42
XATSAN125,сот иштери баштала элек азыр, сот баш коргоо чарасын бир ай камака алынсын деп чыгарды. Мындай айтканда тергоо иштери бутуп сотко жеткенче сизодо болот айыпкер
0
fanatka19
2020-07-01 13:42:03
Асел бараткан Медеров кочосу главный кочо.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан