Японияда өз ыктыяры менен ишин токтоткон мекемелерге акча төлөнөт

Японияда өз ыктыяры менен ишин токтоткон түнкү клубдар жана барлар үчүн өкмөт акча төлөп берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, ишмердигин токтоткон мекемелерге 4 миң 670 доллар берилет. Мындай чечим дем алыш күнү Токиодо коронавирус инфекциясынын жаңы 224 учуру катталганына байланыштуу кабыл алынган. Бул пандемия башталгандан бери аталган шаарда ооруну жуктургандардын эң жогорку сандык көрсөткүчү болгон.

Маалыматка караганда, шаар бийлиги мекемелерди күч менен жабуу укугуна ээ эмес. Ошол себептүү, калаа бийлиги ыктыярдуу түрдө ишин токтоткон мекемелерге каражат төлөп берүүгө убада берди.

Эске салсак, пандемиядан улам Токиодо 7-апрелден 25-майга чейин өзгөчө кырдаал жарыяланган болчу. Япон өкмөтү андан кийин чектөөлөрдү жеңилдетүүнү чечкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан