АКШнын президенти Дональд Трамп Пенсильвания штатындагы иш сапары учурунда анын бир нече достору коронавирустан көз жумганын билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Мен жакын болгон беш досумдан коронавирустун айынан айрылдым. Алардын ичинде эң жакын эки досум бар болчу. Бул мен үчүн өтө оор", - деген АКШ президенти.
Ал досторунун жашы өтүп калганын, ден соолугу начарлап кеткендигин баса белгилеген жана алардын акыбалын эки-үч күндө бир сурап турчу.
Буга чейин, 13-апрелде президенттин жакын досу, миллиардер Станли Чера Нью-Йорк шаарындагы ооруканалардын биринде коронавирустан каза болгондугу кабарланган.