Коңшу Тажикстанда акыркы бир сутка ичинде 48 адам коронавируска кабылды. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Акыркы бир сутка ичинде аталган өлкөдө 48 адамдан COVID-19 илдетине кабылгандар аныкталган. Муну менен Тажикстанда жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 6 миң 643кө жетти. 5 миң 332 бейтап оорудан сакайып чыкса, тилекке каршы, 56 адам кайтыш болгон", - деп жазылат маалыматта.