Бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарларга 31 миңден ашык адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда 12 күндүзгү жана эки түнкү стационар иштеп жатат.
"15-июлга карата стационардык ооруканаларга 31 миң 486 жаран кабыл алынган, алардын ичинен 23 миң 439 бейтапка ийне жана тамчылатып ийне саюу кызматы көрсөтүлсө, 7 миң 851 адам медициналык кеңеш алышкан, 187 адам ооруканага жаткырылган. Бактыга жараша, өткөн суткада эч кимди жоготкон жокпуз, буга чейин 9 адам каза болгон.
Түнкү ооруканалардын биринчи күнү биз 282 оорулууга жардам бердик", - деп айтылат маалыматта.
Күндүзгү стационарлар саат 08:00дөн 20:00гө чейин, түнкү медициналык жайлар саат 21:00дөн эртең мененки 09:00гө чейин иштейт.