Бүгүнкү күндө өлкөбүздө пневмониядан канчалаган жарандарыбыз жабыр тартууда. Тилекке каршы, кээ бир жарандарыбыз оорунун кесепетинен көз жумуп жатат. Өтө өкүнүчтүү жагдай.
Пневмония боюнча коомчулукта бир канча суроолор тарап жатат, ага "Дарыгерге сөз" программасында медицина илимдеринин кандидаты, пульмонолог, сомнолог, Кыргыз Республикасынын президентине жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын дарыгери Айзат Мырзаахматова жооп берди.
- Айзат Мырзаахматова, саламатсызбы?
- Саламатчылык.
- Менимче, дарыгерлердин иши өтө көп. Учурдагы абалда пульмонологдор дагы сыртта калбаса керек.
- Албетте.
- Коронавирус башка органдарды дагы жабыркатууда, бирок эмнеге өпкө өзгөчө жабыркап жатат?
- Коронавирус бир гана өпкөнү эмес, башка органдарды дагы жабыркатып жатат. Жалпысынан коронавирус өпкөнүн өзүн гана эмес, тамыр системине дагы таасир этет. Ошондуктан, бул илдет бир гана өпкөнү жабыркатат деп айтканга болбойт. Ошол эле учурда ичегини, бөйрөктү жана башка органдарды жабыркатат. Вирус дем алуу органы аркылуу киргендиктен биринчи жабыркаган орган өпкө болууда.
Негизинен баарына белгилүү болгондой, оору башка симптомдорду, башкача айтканда, диарея, ич оору сыяктуу белгилерди берип жаткандыгын айрым бейтаптар айтып жатышат.
- Коронавирус пневмониясы менен жөн эле пневмониянын айырмасы кандай?
- Пневмония – өпкөнүн сезгениши, анын себеби вирус же бактерия болушу мүмкүн. Азыркы убакка чейин бактериалдык пневмонияны кезиктирип келгенбиз. Тактап айтканда, өпкөнүн сезгенишинин себеби – бактериялар. Бул пневмония бизге мурдатан белгилүү болгондуктан, аны дарылап, оорунун себебин, кандай антибиотиктер керек экендигин билчүбүз. Ошону менен дарылай алчубуз.
Бүгүнкү күндө биз вирустук пневмонияга туш болдук. Вирустук пневмония мурун деле болгон, бирок коронавирус менен байланышкан инфекцияга биринчи жолу кез келип жатабыз. Дүйнөдө коронавируска каршы вакцина жок. Мына ушундан бизде кыйынчылыктар пайда болууда. Биздин бейтаптар ооруп жатат, тилекке каршы, каза болгондор дагы бар. Анткени дүйнөдө вируска каршы вакцина жок болуп жатат.
- Ошондо мурун пневмония бактериалдык пневмония болсо, учурдагы вирустук пневмония болобу?
- Ооба.
- Вирустук пневмония бактериалдык пневмонияга өтүп кетиши мүмкүнбү?
- Жок, вирустук пневмония бактериалдык пневмонияга өтүшү мүмкүн эмес. Башкача айтканда, вирустук пневмония бактериалдык пневмония менен биригип кетиши мүмкүн. Кимдин иммундук системи начар болсо, өнөкөт (бронхит же астма жана башка) оорулары болсо, алардын иммундук системи бир аз төмөн болот да, бактериалдык пневмония менен вирустук пневмония биригип кетиши ыктымал. Ошондуктан, ушундай көйгөйдү чечүү үчүн бронхит, астма жана башка оорусу бар бейтаптарды бактериалдык пневмонияга каршы терапияга кошобуз.
- Вирустук пневмониянын алдын алуу жолдору барбы?
- Алдын алуу - бул ооруну жуктурбоо. Ал үчүн биз бир канча айдан бери айтып келе жаткан эрежелер. Бет кап кийүү, колду самындап жуу, аралыкты сактоо, имараттын ичин желдетип туруу. Мына булардын баары алдын алуу иш-чаралары болуп саналат.
Вирус ооз жана мурун аркылуу кирет. Ошондуктан вирусту жугузбоонун эң жакшы жолу - бет кап кийүү.
- Коронавирус жугузуп алган адамда оорунун өзгөчө билинген симптомдору жана анчейин билинбеген симптомдору кандай болот?
- Симптомдор биринчи эле жогорку дем алуу жолдорунда башталат. Бул тамак оору, мурундун жыт сезбей калуусу, мурундун кычышуусу. Алгач ушул нерселерден башталат. Ал эми өпкөгө вирус бир канча убакыттан кийин түшөт. Жогоруда айтылган симптомдор пайда болгон учурда тамакты чайкоо, көчөдөн үйгө кайткан учурда жууну керек. Дезинфекциялык каржаттарды колдонуу зарыл. Оорунун белгилеринин бири - жөтөлүү, көкүрөктө ооруну сезүү, дене таптын жогорулашы. Дене тап 37.2, 37.3кө чейин көтөрүлгөндө сөзсүз дарыгерге кайрылып, дарылануу, өпкөнү рентгенге тарттыруу зарыл. Компьютердик томографиянын кереги жок.
- Кайсы учурда компьютердик томографиядан өтүүгө болот?
- Компьтердик томография - клиникалык картина (сүрөт). Баса белгилеп айткым келет, эгер бейтаптын дене табы 38 же андан жогору 39, 40 болсо, анда компьютердик томграфия же рентгенге түшүү керек. Ошол эле убакта ага чейин деле дарылоону баштоо зарыл.
- Вирустук пневмонияда какырык бөлүнүп чыкпайт деген туурабы?
- Жок, бөлүнүп чыгат. Кээ бир бейтаптарда жөтөл болбойт, болгону дене табы көтөрүлөт. Бирок көпчүлүк бейтаптарда жөтөл болот. Алгач кургак жөтөл болгону менен кийинчерээк какырык пайда болот.
- Вирустук пневмониядан айыккан соң жөтөл канча убакытка чейин уланат?
- Оорудан сакайган соң жөтөл бир айга же андан көп сакталышы мүмкүн. Бул бактериалдык пневмонияда дагы кээ бирде мындай учурлар катталат. Мунун баары убактылуу. Коркуунун кажети жок. Жөтөлгө каршы АЦЦ, Амбросан эгер кургак жөтөл болсо Мукалтин колдонсо болот.
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!