Депутат Абдылдаев: "Коронавирус саясий ат менен аталып жаткан жалгыз вирус. Бул вирустардын чокусу эмеспи?"

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөт мүчөлөрүнөн эмне үчүн вирустун атын коронавирус деп койгонун сурады.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев микроскоптук изилдөөдө вирус таажыга окшош экени көрүнгөн, ошондуктан коронавирус деп аталып калганын айтты.

Депутат "Адам баласындагы бүт вирустун аты биологиялык термин менен аталган. Бул жалгыз вирус саясий ат менен аталып жатат. Бул вирустардын чокусу эмеспи?" - деп сурады.

Министр коронавирус вирустардын чокусу эместигин белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан