Президент карантинден кийин өлкөдө тартип сакталбаганын айтты

Өлкөдө карантинден кийин тартип сакталган жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде айтты.

"Март айында карантин киргизгенге мажбур болгонбуз. Анын максаты вирустун андан ары жайылышына бөгөт коюу эле. Эң негизгиси калкты санитардык нормаларды сактоого көндүрүү эле. Эки ай ошондой тартипте жашадык. Бул өтө кыйын чечим болду. Экономикага катуу сокку болорун билгем.

Ар кандай жолдор менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Таразанын бир тарабында экономика, экинчи жагында улуттун саламаттыгы турду. Албетте, карантин менен узакка жашоо мүмкүн эмес. Карантинге алынган соң, тартип сакталган жок. Буга кошумча кээ бир саясатчылар ачык эле чыгып, парламентте да, анын сыртында да "коронавирус жок, бийлик элди митингге чыгарбаш үчүн жөн эле айтып жатат, сырттан каражат алыш үчүн ушундай кылып жатат" деген ойлорду айтышкан. Ага ишенгендер да болду. Ошондой нерселерден жетишкен ийгиликти кармай албай калдык", - деп белгиледи президент.

Ошондой эле ал жакында медицина тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууга токтолду.

"Профессор Оморов башка өлкөлөрдүн мисалдарын айтты, илдеттин жайылышынын себеби негизги 5 принциптин сакталбагандыгында. Бул эрежелерди биз карантин учурунда эки ай бою кармагыла, сактагыла дедик. Тартип, биримдик, ынтымак менен чыгабыз. Айрыкча биздин медкызматкерлер айткан санитардык эрежелерди кармагыла деп жаттык. Бул кандай эрежелер? Колду жуу, бет кап тагын, социалдык дистанцияны карма, ооруп калсаң дарыгерге кайрыл, кеңеш ал. Эгерде сыркоолосоң ооруканага кайрыл, жеңил болсо үйдө дарылан, ооруп калгандан кийин бирөө менен контактка барба. Өзүңдү сакта, андан кийин жаныңдагыны сакта деген нерсе - бул жөнөкөй нерсе да", - деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан