Коронавирус чиркейлер аркылуу жукпайт. Мындай жыйынтыкка АКШнын окумуштуулары изилдөө жүргүзүү менен келишкенин дүйнөлүк басылмалар жазышат.
"Канзас университетинин биологиялык коопсуздук изилдөө институтунун директору Стивен Хиггс ветеринардык медицина факультетинин кызматкерлери менен биргеликте изилдөө жүргүзүп, анын жыйынтыгын "Scientific Reports" журналына жарыялашкан.
Илимий докладда изилдөөлөр үчүн чиркейлердин эң көп таралган 3 түрү алынганы айтылат. Изилдөөдө чиркейлер вирусту алып жүрүүчү адамды чагып алган шартта деле коронавирусту козгогон SARS-CoV-2 чиркейдин организминде өз алдынча көбөйө албастыгы аныкталган. Буга чейин деле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул тууралуу айткан. Ал эми окумуштуулардын изилдөөсү бул теорияны тастыктады", - деп айтылат маалыматта.