"Бүгүнкү күндө коронавирус илдетинен жабыркагандардын саны кескин көбөйүп, өпкөсү жабыркагандар рентгенге түшүүгө жумалап турушат. Ал ортодо абалы начарлап кеткендери да бар. Ал эми райондордун шаар борборлорунан алыс жайгашкан жерлеринде мындай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду бүгүнкү күндө заманбап рентген аппаратын сатып алды", - деп айтылат видеодо.
Андан ары айтылгандай, портативдик рентген аппараты Кыргыз өлкөсүнө алып келинген. Фонд тарабынан элге жардам катары бериле турган аппаратка бекер тартылууга болот.
"Бул өтө жакшы жаңылык. Өзүм врач катары да сүйүнүп турам. Аппараттын сапаты да жакшы, санарип болгону үчүн адамдарды массалык тартса да болот. 10-12 адамды жарым саатка жетпей тартканына көрүп ынандык. Тартылган адамдарга диагноз коюп, анын негизинде дарылайбыз. Аппараттын дагы бир жакшы жери - анын мобилдүүлүгүндө. Аймактарга барып, муктаж болгон бейтаптарды рентгенге тартууга болот. Буюрса, элибиз бул илдеттен тез сакаят", - деп айтылат видеодо.
5-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов: "Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болуп жатат", - деп билдирген. Ошол күндөн тарта фонд тарабынан ачылган стационарлар керектүү дары-дармектер жана медициналык шаймандар менен каржыланууда.