Күлкү жаратуучу, "Азия Mix" КВН командасынын мурдагы оюнчусу Данияр Болотбеков коронавирус инфекциясынан атасын жоготконун жазып чыкты. Айтымында, атасы бир апта мурда аталган илдеттен көз жумган.
"Бир апта мурда ден соолугу чың, күчтүү болгон, ушунчалык көп нерсени жасагысы келген атамды вирус алып кетти. Ата, эң сонун балалык үчүн рахмат, менде болгондун бардыгы үчүн рахмат! Мен үчүн эр жүрөктүүлүктүн жана жоопкерчиликтин үлгүсү болгонуңуз үчүн рахмат! Ката кетирсем дагы менин жанымда болгонуңуз үчүн рахмат!
Мен сизди жакшы көрөрүмдү сейрек айтканым үчүн, сиз менен урушуп-талашкан болсом ал үчүн кечирим сурайм. Мен чын эле сиз менен сүйлөшкүм келет, анткени менде көптөгөн суроолор бар жана ал суроолорго жоопту сиз гана билесиз.
Ата, кечир! Жаткан жериңиз жайлуу болсун! Менин досум, менин үлгү алчу адамым! Ата, мен сени абдан жакшы көрөм", - деп жазган ал.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.