"Оштогу дарыгерлердин онлайн көрсөтмөсү менен дарыландым" дейт коронавирус илдетин жеңген ырчы Гүлнур Асанова


Комузчу, ырчы Гүлнур Асанова коронавирус инфекциясын жуктуруп, бүгүнкү күндө илдетти жеңди. Оорунун алгачкы белгилерин 4-июлда байкап, дарылануусу тууралуу буларды айтып берди.
"Биринчи күнү чыйрыгып, сөөктөрүм какшап баштаган. Эртеси 3 күн катары менен дене табым жогорулады. Аны менен кошо башым катуу ооруду. Төртүнчү күнү кургак жөтөл башталды. Бешинчи күндөн баштап жыт, даам сезбей калдым.
Бул кадимки сасык тумоо эмес экенин билдим, анткени чүчкүрүп, мурундан суу аккан жок. Мен иммунитет өзү күрөшсүн деп чыдап жүрө бердим. Лимон, имбирь жана башкалар кошулган суудан көп ичип жаттым. Бирок бир күнү эртең менен катуу тынчсызданганым үчүнбү, биринчи жолу жүрөгүм 10 мүнөттөй приступ кармады. Сол колум иштебей, дем алуу кыйын болуп калды. Ошондо дарыгерге кайрылдым. Дары-дармек, ийне, тапчылатма дары жазып беришти.

Антибиотикалык дарыларды алууга туура келди. Оорунун 13-күнү акырындан жыт, даам келе баштады. Бир күн мурда дарылануу курсу аяктады. Өзүмдү жакшы сезе баштадым. Айыккандан кийин аябай эле алсыз болуп калат деген чын экен. Негизи эле даам, жыт келгенде жашагың келип калат экен.
Өзүм ооруганым аздай, бирге жашаган курбума да жугуздум. Канча обочолонуп, аралыкты сактап, идиш-аягыбызды бөлөк койсок деле тиричилик техникаларын кармайт экенсиң да", - дейт ал.
Ырчы башкалар сыяктуу эле 118 ыкчам номуруна байланышууга мүмкүн болбогонун, күндүзгү стационарга барса кабыл албай койгонун айтты.
"Дарыгердин жардамы керек болуп 118 ыкчам номуруна жүз жолу чалдым, албай койду. Аракет кылып Бишкектеги Спорт сарайында ачылган стационарга барсам дарыгерлер оор абалдагы бейтаптар менен алышып жатканын, бош эмес экенин айтышып, болжол менен 18:00 менен 19:00дүн аралыгында жабылдык деп койду. Оор абалдагылар көппү же азбы билбейм, ичине киргизбей коюшту.
Акырында Оштогу дарыгерлерге кайрылып, онлайн кеңеш, көрсөтмөлөрдү алдым. Оштогу медкызматкерлерге рахмат, алардын көрсөтмөсү менен гана сакайдым. Дарылануунун биринчи күнүндө ийнени дарыгер иним салып берди. Экинчи күнү тамырларым жарылып, ичкерип да кетиптир ийне саюу кыйын болду. Балким оорудан улам ушундай болду окшойт. Анан аргасыздан менчик клиникага бардым. Күнүнө 2 маал барып асма ийнени алып жаттым.
Медициналык жардамга убагында кайрылыптырмын, болбосо өзүм жардамга деп тараткан кычкылтек концентраторун издеп калмак экем", - деп көйгөйлөрдү айтты.
"Ооруп калсаң оюңа жаман нерселер дагы келет экен" деген Гүлнур айым Таш-Көмүргө медициналык жабдыктарды жардам катары берди. Анын аманатын бир тууган эжеси Айнура Асанова жеткирген.
100 миң сомго Түркиядан кычкылтек концентраторун, пульсоксиметрлер, жеке коргонуучу каражаттар жана башка керектүү каражаттар алынган. Кайрымдуулук иши дагы уланарын кошумчалады ырчы.
Буга чейин ырчы Дайыр Исмадияров коронавирус инфекциясынын жеңил түрү менен жабыркап, ооруну жеңгени кабарланган. Мындан тышкары ырчы Айпери Сыдыкованын жана ырчы, дастанчы Азиз Батыровдун ооруп калганы белгилүү болгон.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
HHFRU
2020-07-21 10:43:06
Айыгып калыпсынар, аябай жакшы болуптур.
Ооруп жаткандарга күч-кубат каалайм. Дарыларды убагында алып, көп кыймылдап, дем алуу көнүгүүлөрүн жасай бериниздер.
Ден соолук баарыбызга.
+3
Raihan0602
2020-07-21 11:38:16
Кудайым ден соолук берсин элге кылган жардамыңа рахмат кызым өмүрүң узун болсун кыргыздын таланттуу кыздарынын бирисиң
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан