Казакстанда коронавируска чалдыккан жүргүнчүнү ташыган айдоочу жоопкерчиликке тартылат. Айдоочу Нур-Султан-Шымкент багытындагы автобусттук каттамда иштей турганын казак басылмалары жазып чыгышты.
Учурда айдоочу карантинде. Карантин аяктагандан кийин ал административдик мыйзам бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат деп айтылат маалыматта.
24-мартта Шымкентте коронавирус менен жабыркап жаткан биринчи бейтап аныкталган. Жабырлануучу аталган аймактагы ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк вирус менен ооруган жаран шаар аралык автобус каттамы менен, тагыраагы, Нур-Султан шаарынан Шымкентке 20-мартта келгени белгилүү болгон. Аны менен кошо автобуста 16 жүргүнчү бар экени айтылып, алар издөөгө алынган. Коронавирустун бул шаарда катталганына байланыштуу автобекеттердин иши токтотулган.
Казакстанда 26-март саат 22:20га алынган маалыматка ылайык, вируска чалдыккандардын саны 111ге жетти. Ал эми коронавирус жуктуруп алгандардан биринчи өлүм катталды.