Буга чейин өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка жана кычкылтек концентраторлоруна муктаждык бар экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаган. Азыркы күндө аталган жабдыктар боюнча көйгөй жок дейт өкмөт башчы Кубатбек Боронов.
"Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген билдирүүсүндө республика боюнча 2 миң 250 даана кычкылтек концентратору керек деп айтылган. Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги медицина мекемелеринде иштетилип жаткан кычкылтек концентраторлору 3 миң 41ди түзөт. Ал эми өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан 220 даана керектелери айтылган. Учурда 176 аппарат ар кайсы булактардан келип түштү.
Бизде кычкылтек концентраторлоруна жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга болгон көйгөй жок, бардыгы жетиштүү. Ар бир айылдын ФАПтарына кычкылтек концентраторлорун коёлу деп пландап жатабыз. Практика көрсөткөндөй, бизде өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат эмес кычкылтек концентраторлору көп иштетилет экен”, - дейт Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, жакынкы күндөрү Кытайдан бардыгы болуп дагы 500 кычкылтек концентратору келет. Буга чейин Кытайдан 1500 даана кычкылтек концентратору алып келинген.