Кытайда бир сутка ичинде 55 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул жөнүндө Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматка таянып, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Маалыматта жазылгандай, коронавирус алгачкы жолу чыккан Кытайда бир сутка ичинде 55 адамдан илдет аныкталды. Алардын ичинен 11инде симптомдору жок болгон. Илдет аныкталгандардын көпчүлүгү Пекинде.
Буга чейин Пекин шаарынын "Синфади" аттуу ири базарда иштеген адамдардан коронавирус аныкталган. Мындан улам базар жабылып, аталган шаардын бардык кичи райондоруна "аскердик режим" киргизилген. Кытайда коронавирус инфекциясына кабылгандардын жалпы саны 84 миң 422. Алардын ичинен 78 миң 379 бейтап илдеттен сакайса, 4 миң 638 адам көз жумган.