Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана жүргүзүлүп жаткан айыл чарба иштери маселеси боюнча видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчилери баяндамалар менен чыгышты.
Биринчи вице-премьер белгилегендей, коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу өзгөчө абал режиминин киргизилгендигине карабастан, ушул жылы айыл чарба иштери өз учурунда жана толук көлөмдө жүргүзүлдү.
"Айыл чарбаны колдоого алуу - 8" программасынын алкагында, насыя берүү шарттары жеңилдетилген жана бүгүнкү күнгө карата 8 106 фермер 4 миллиард 65 миллион сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алган. Натыйжада ушул жылдын январь-июнь айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүмү 64 миллиард 646 миллион 400 миң сомго барабар болгон. Ошол эле учурда белгилей кетүүчү нерсе, тармактык мамлекеттик органдар тарабынан иш жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүүдө. Жөнөкөй мисал келтирсек, жакшы түшүм алуу үчүн сапаттуу үрөн керектелет. Ал эми Айыл чарба министрлиги алар менен камсыздоо боюнча тийиштүү ишти алып барган эмес. Экинчи маселе сугат суу менен камсыздоо маселесине тийиштүү", - деди Алмазбек Баатырбеков.
Биринчи вице-премьер-министр күз мезгилинде түшүм жыйноону өз мөөнөтүндө жана сапаттуу өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Алмазбек Баатырбеков ошондой эле тармактык органдардын жетекчилери күз-кыш мезгилинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн жеке жоопкерчилик ала тургандыгын баса белгиледи.
Тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, дыйкан-фермерлер үчүн тийиштүү шарттарды түзүү маселесине тийиштүү бир катар тапшырмалар берилди. Атап айтканда, күзгү жыйым-терим иштерин аткаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча облустук жана райондук штабдардын ишин, күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоо иштерин күчтөндүрүү тапшырылды. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга – мал-чарба продукциясынын сапатына карай көзөмөлдү, ошондой эле ветеринардык кызматтардын ишин күчөтүү, өлкө рынокторундагы ветеринардык экспертиза боюнча лабораториялардын ишин тартипке келтирүү тапшырылды.