Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-март күнү уюлдук операторлорго министрликтин атынан коронавирусту алдын алуу чаралары тууралуу маалымат таратып баштаганы кабарланган. Бүгүн, 6-мартта аталган министрлик буга чейин жарыяланган маалымат боюнча билдирүү жасады.
"2020-жылдын январь айында жугуштуу коронавирусту алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб түзүлүп, анын ичине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы кирген. ӨКМнын буйругунун негизинде ведомстволук ыкчам штаб түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин республикалык штаб тарабынан берилген бардык тапшырмаларды толук кандуу аткарууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан калкка маалымат таратууда СМС-билдирүү, телеканалдардан жүгүртмө берүү ыкмаларын да колдонушат. Ар кандай шашылыш билдирүүлөр таратылып, калкка маалымат жеткирилип турат. Мындай шашылыш билдирүүлөрдүн катарында Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген коронавирусту алдын алуудагы кыска эрежелери бар. Билдирүү СМС аркылуу калкка жеткирилди.
Республика аймагында уюштурулган бардык санитардык-карантиндик пункттарга ӨКМ тарабынан керектүү товардык-материалдык баалуулуктар жана жабдыктар бөлүнүп берилген жана тиешелүү жерге жеткирилип, жабдылган.
Санитардык-карантиндик посттордо ӨКМнын кызматкерлери жана атайын техникалар күнү-түнү нөөмөттө туруп, кызмат көрсөтүүдө. Ошондой эле республиканын аймагына чет өлкөдөн келген жарандарды убактылуу кармоого, текшерүүгө (обсервация) жана жаткыруу пункттарындагы орундуктар тиешелүү турмуш-тиричилик жабдыктары (матрац, жаздык, жууркан, шейшеп жана башкалар) менен даярдалган", - деп айтылат маалыматта.