Үй карантинине алынган жарандар атайын мобилдүү бригадалардын көзөмөлүндө

Бишкек шаарында үй карантинине алынган жарандар дарыгердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мобилдик бригадалар чет өлкөдөн келген 64 кишиге көзөмөл жүргүзүүдө. Алардын 51и алгачкы жолу, 13 киши экинчи жолу текшерилди. Аталган бригада бардык керектүү каражаттар жана автоунаа менен камсыз болушкан.

Мобилдүү бригадалар медицина кызматкерлеринин оорулуулар менен болгон байланышын минималдаштырууга жана жергиликтүү медициналык борборлордун дарыгерлеринин ишин жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан