Депутат Эльвира Сурабалдиева Түркиядан келген атайын борт менен дарыланууга ишкерлер кеткенин айтууда

Социалдык тармактарда тарап жаткан кээ бир чиновниктер үчүн уюштурулган чартердик каттам чуусу дагы деле токтобой келет.

Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг маалында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышканын айтып, билдирүү жасаганы менен коом арасында ага ишенбегендер четтен чыгууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева дагы социалдык тармактагы баракчасына бул окуяга байланыштуу билдирүү калтырган:

"Германиядан жана Түркиядан биздин өлкөгө атайын учактын келиши боюнча. Германия немис улутундагы оор абалда болгон жараны үчүн Ысык-Көлгө атайын борт жөнөткөн экен. Ал эми Түркиянын сервис борту менен бир нече жеке ишкерлер дарылануу үчүн учуп кеткен. Биздин саламаттыкты сактоо министри маалыматтарга караганда бул жакта эле экен".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
munar1980
2020-07-14 09:57:09
Рааматылык Чубак Аажы устазыбызды да жонотсо болбойт беле? эгерде акча масалеси болсо, Ажыбыз учун акча жыйнаганга баарыбыз даяр элек
+4
jazmina909090
2020-07-14 11:54:09
Акчаң жокпу ооруба дегендей эле болуп калдык
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан