Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган COVID-19 илдети күндөн-күнгө кулачын кенен жайып жаткан учуру. Бул аты жаман жугуштуу дарт Кыргыз өлкөсүнө дагы келип, жарандарыбыз жабыр тартууда. Ошондуктан коронавирус инфекциясы боюнча коомчулукта түрдүү суроолор жаралып жаткан кези.
Бүгүн "Дарыгерге сөз" программасында COVID-19 илдетин дарылоодогу катачылыктар тууралуу сөз болмокчу. Эфирдин коногу медицина илимдеринин доктору, эл аралык Жогорку медицина мектебинин жугуштуу оорулар кафедрасынын жетекчиси, Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы инфекционисти Айнура Кутманова.
- Алгачкы эле суроо. Бир эле коронавирус менен ооруган адамдан канча адам илдетти жугузуп алышы мүмкүн?
- Коронавирус бир адамдан 2-5 адамга чейин жугушу мүмкүн. Бир эле коронавирус менен ооруган адам 4 адамга жугузса, ал дагы 4 кишиге жуктурат. Ушундай прогресс менен кете бериши ыктымал.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздө илдеттин тез жайылып кетишинин себеби биздин калк сунуш кылынган эрежелерди так сактабаганы. Март айынан бери аралыкты сактоо, бет кап кийүү жана башка айтылып келе жаткан сактык эрежелери сакталбай жатканы себеп болду.
- Коллективдүү иммунитет деген эмне?
- Бул - калктын арасында оорудан кийин түзүлөт. Биздин март айынан бери байкообузга караганда, коронавирус инфекциясы кээ биринде симптомдору жок, кимдир бирөөндө жеңил, ошол эле учурда кээ биринде оор өтүүдө. Бирок ооруп айыккан ар бир адамдын организминдеги вирус иммунитетти пайда кылат. Эгер калктын 60 пайызы ооруп айыкса, анда коллективдүү иммунитет пайда болот.
- Коллективдүү иммунитетте кайрадан оору жугузуп алуу коркунучу барбы?
- Коронавирус жаңы инфекция болгондуктан, көп түшүнүксүз суроолор бар. Жарым жылда биз иммунитет канча убакытка чейин созуларын, кайра илдетке кабылуу тууралуу так айта албайбыз. Учурда Кытайдагы изилдөөгө карап көрсөк, кайра жугуп (бир адамда эки жолу ковид менен оорушу) калуу учурлары катталган эмес.
- Акыркы учурда өлкөбүздө вирустун кесепетинен өлүм көп катталып жатат. Мунун биринчи себеби жарандарыбыздын өз алдынча дисциплинаны сактабагандыгы болсо, экинчи себеби өз учурунда протоколго карата дарыланбагандыгы деп айтсак болобу?
- Тилекке каршы, бир канча өнөкөт оорулары бар бейтаптарга жардам берүү кыйын болуп калууда. Ал эми клиникалык протоколго келсек, биз өз учурунда карайбыз. Марттан бери бизде 3 версия менен дарылоону жүргүзүп келүүдөбүз. Ошону менен катар 4 версияны чыгарууну карап жатабыз.
- Протоколду инфекционисттер иштеп чыгабы?
- Клиникалык көрсөтмөлөрдү көп тармактуу команда түзөт. Аларга инфекционисттер, пульмонологдор, реаниматологдор, анестезиологдор, кардиологдор, эндокринологдор жана башка адистер кирет. Ар бири өз сунуштарын айтышат.
- Клиникалык протоколду иштеп чыгууда катышып жатасыз. Айтсаңыз, коронавирусту дарылоодо эффективдүү препарат антикоагулянтпы?
- Ооба, клиникалык протоколду иштеп чыгууда биринчи күндөн бери катышып жатабыз. Алгач кытайлык кесиптештерибиздин иш тажрыйбаларын колдонуп жаттык. Европада эпидемия күч алып жаткан. Бизде башка вариант жок болчу. Андан соң өзүбүздүкүн иштеп чыктык. Коронавирустук инфекцияда кичинекей тромбоздордун өрчүп, башка көптөгөн органдардын функциясын бузуп жатканын көрүп антикоагулянтты үчүнчү версияда коштук. Бирок бул препаратты колдонуунун өзүнүн эрежелери, көрсөтмөлөрү бар. Дарыгердин көзөмөлүндө гана колдонуу зарыл.
- Кытай антибиотиктери жөнүндө айтсаңыз?
- Оорунун биринчи аптасында биз эч кандай антибиотиктерди бербейбиз. Алгач организмге вирус менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Дароо антибиотикти колдонуунун кереги жок. Кээ бирлери бир же эки антибиотикти дароо колдонуп жатканын көрүп жатабыз. Мындай кылганга болбойт. Анткени эч кандай антибиотик вируска каршы таасир бербейт. Алар тек бактерияга каршы гана таасир бере алат.
Коронавирус инфекциясы - вирусту пайда кылат. Антибиотиктерди колдонуу менен сиз дене тапты түшүрө, вируска таасир эте дагы албайсыз. Алар организмге кирген соң кандайдыр бир таасир этиши керек. Организмдеги нормалдуу флораны бузат, иммунитетти төмөндөтүүгө алып келет. Коргоочу күч алсызданат. Мындан улам вурус организмге оңой эле кирип кетет. Дары-дармектерди сөзсүз дарыгердин көрсөтмөсү менен гана колдонуу керек.
- Антибиотиктерди качан колдонуп баштоо керек?
- Абдан жакшы суроо. Эгер бактериалдык инфекция пайда болсо, мында антибиотиктерди көрсөтмө катары жазса болот. Бирок бул биринчи аптада эмес. Эгер дене тап көтөрүлгөнү улана берсе, жөтөл, какырык пайда болсо. Демек, антибиотик жазууга болот. Бирок алгач таблеткаларды колдонууну сунуштайбыз. Эске алуучу нерсе, бир гана антибиотик колдонуу зарыл.