Акыркы суткада коронавирус илдети 8 адамдын өмүрүн алды
Бүгүн, 9-августка карата өлкөдөгү стационарларда дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 8и каза болду. Республикалык штабдан кабарлашкандай, муну менен республика боюнча илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 407ге жетти.