4 айдан бери дүйнөнү дүрбөлөңгө салып келген "Ухан вирусу" атыккан коронавирус тууралуу Ухан шаарынын тургундары документалдык тасма тартышты. Линь Вэн Хуа жана Цай Кай Хай аттуу режиссёр жана ыктыярчылар коронавирустун очогу болгон шаардын карантин учурдагы жашоосу тууралуу документалдык тасма тартышкан. Тасманы алар шаар карантинге жабылган 23-январдан баштап тартып, жалпы 50 күндү камтышкан.