Марокко бийлиги өлкөдө коронавирус инфекциясы көбөйүп жаткандыгына байланышту бүгүн, 27-июлдан баштап өлкөдөгү сегиз шаарга кирүүгө жана чыгууга тыюу салгандыгын жарыялады. Мындай чечимди аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлиги кабыл алган.
"Мындай чечим акыркы күндөрдө бул шаарларда коронавирус оорусунун көбөйүшү жана жарандардын көпчүлүгү социалдык аралыкты сактоо, бет кап кийүү, антисептикалык каражаттарын колдонуу сыяктуу чараларды аткарбагандыктан кабыл алынды", - деп жазылган билдирүүдө.
Ага ылайык, бүгүндөн баштап жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:00дөн (Бишкек убактысы боюнча 05:00) Касабланка, Танжер, Тетуан, Фес, Марракеш, Мекнес, Беррашид жана Сеттат шаарларына кирүүгө жана чыгууга тыюу салынат.
Мароккодо жалпы 20 миң 278 адамдан коронавирус аныкталды. 313 бейтап каза болсо, 16 миң 438и айыгып чыкты.