Ыктыярчы Мунарбек Базаркулов: "Медайымдар жетишпей жатканда тамчылатма дары коё албаганыма өкүндүм"

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу өлкөдө орун алган татаал шартта ыктыярчылардын эмгеги опол тоодой болду. Буга чейин стационарга күнүнө 300дөй бейтап кайрылчу деген биздин каарман соңку күндөрү адамдардын саны азайып калганын айтып, күнүмдүк жумушу тууралуу баяндап берди.

Мунарбек Базаркулов соңку 3 аптадан бери ыктыярчылардын катарында. Ал Жал кичи районунда жайгашкан №95 гимназияда ачылган стационарда уюштуруу иштерин колго алып барат. Мунарбек 23 жаштагы ыктыярчы.

"Мен социалдык тармак аркылуу ыктыярчыларга муктажбыз деген кулактандырууну окуп калып, дароо эле келдим. Биз дем алышсыз иш алып барабыз. Жашоодо биринчи жолу чоң өкүнүчүм, медайымдар жетишпей жатканда бейтаптар колун сунуп, "балам, ушул ийнени сайып берчи" деп суранганда, медициналык билимим жоктугунан ийне сайып, тамчылатма дары коё албаганым болду", - деп кейиди ал.

Ал эми аталган стационарда дарыгер болуп эмгектенип жаткан Максат Батыров ыктыярчылардын кол кабыш кылып, жанында жүргөнү эле чоң дем, күч-кубат берди дейт.

"Ушул ыктыярчылардай жаштарыбыз турганда биздин өлкөнүн келечеги кең. Мындай боорукер, жароокер ыктыярчылардан дарыгер чыгышы керек болчу. Аларда медициналык билими жок болсо да, биз менен тең тайлашып иштеп жүрүшөт. Ыктыярчылар чындыгында тоодой эле иштерди бүтүрүп жатышат", - деп билдирди дарыгер.

Бүгүнкү күндүн Чолпонбайлары
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kalnazarov89
2020-07-27 17:54:20
Молодец уке , сени менен сыймыктанам
+1
Raihan0602
2020-07-30 10:59:42
Аман бол айланайын өмүрүң узун болсун элиңдин ак батасы менен өнүп өс сендей ак жүрөк уул кыздарыбыз көп болсо экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан