Сузакта "Аалым Чубак ажы" атындагы мечит ачылат

Бүгүн түндө каза болгон белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловдун урматына Сузак районунун Барпы жергесинде "Аалым Чубак ажы" атындагы мечит ачылат. Бул тууралуу саясатчы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

"Урматтуу мусулман калкым, кыргыз элим! Чубак ажы аалымдын бул дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтамын! Чубак ажыке менин иним эле. Бирок атамдай көрчү элем, менден кичүү эле, бирок аска-зоом эле, жөнөкөй адам эле, бирок кол жеткис аалам эле. Эхх! Керемет арман, жалган дүйнө...

Мечит салып жатканбыз, Чубак ажыке келип биринчи пайдубалына үч күрөк бетон таштап берди эле. Эми ошол мечитибиздин атын "Аалым Чубак ажы" деп атайбыз! Иним Чубак ажыке, сиз бул дүйнөдөн өттүңүз, бирок эми сиздин уламышка айланган өмүрүңүз башталат. Ушундай уулду тапкан кыргыз элиме таазим!

Көтөр башты улутташым, кандашым! Кыргыз атын дүйнөгө тааныткан Чубак ажы кетти бизди таштап. Мүңкүрөбө кыргызым, мүңкүрөбө. Аллахым бейишин берсин!", - деп жазган Ташиев.

Маркум Чубак Жалилов кечээ, 10-июлда оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилгени маалымдалган.

Дин аалымы соңку ирет 4-июлда оңдоп-түзөөдөн өткөн мечитти обсервация катары пайдаланууга берүүгө даяр экенин айткан эле.

Чубак Жалилов пневмония илдетинен көз жумду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tyty1990
2020-07-11 18:46:56
Устаздын видеолорун көрүп жүрүп сабактарына барып жүрүп адам болдум эле. Устаз бизден ыраазы болуңуз
+7
Muslim_KGstana.
2020-07-11 18:56:12
Камчыбек ооруп жатат дуа кылгыла дегенде Ажыке фейсбуктан жазып,болушуп жаткан болчу.
+4
bessmertiy
2020-07-11 19:12:44
Аллах ыраазы болсун!
+1
Nursul
2020-07-11 19:18:39
Эми Чубак устаздай ким сүйлөйт кимдин сабагына барабыз деген суроо мени кыйнап бүттү
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан