Италияда коронавируска каршы биринчи вакцинанын баасы канча болоору айтылды

Италиялык окумуштуулар коронавирустун вакцинасын өндүрүү ушул жылдын сентябрь айында башталарын билдиришти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Ошондой эле дары 2021-жылы январь айында сатыкка чыгары белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, азыр британдык жана италиялык адистер “ChAdOx1” аттуу вакцинанын үстүндө иштеп жатышат. “Аталган вакцина буга чейин миңдеген бейтаптарда ийгиликтүү сыноодон өткөн. Азыр биз 10 миң адамга тест тапшырып, иштин үчүнчү баскычында турабыз. Эгер бардыгы жакшы болуп кетсе, аны ири көлөмдө өндүрүү сентябрь айынын аягында башталат деп болжолдоого болот”, - деп билдирди италиялык биотехнология компаниясынын башчысы Пьер Ди Ди Лоренцо.

Бул Европадагы биринчи коронавирустук вакциналардын бири болушу күтүлүүдө. Ди Лоренцо биринчи кезекте өтө муктаж болуп жаткан жарандар вакцина алуусу керектигин сунуштады. Ал эми келерки жылдын январь айында дары-дармек сатыкка чыгат. Сөз “AstraZeneca” дүйнө жүзү боюнча өндүрүүгө даярдап жаткан бир нече миллион доза жөнүндө болуп жатат. Болжол менен мындай доза 2-3 еврону түзөт.

Алдын ала макулдашууларга ылайык, алгач Италия, Нидерланддар, Франция жана Германия жарандары вакцина алышат. Ошол эле учурда италиялык компаниянын башчысы эмдөө тездик менен жүрүп, 12 айдан кийин дүйнө толугу менен вирустан арылат деген ишенимде.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kylym.85
2020-07-27 22:43:39
Жакшы кабарлар коп болсун
+3
zhigitaly
2020-07-27 23:20:47
Оозуңа май ди ди
+4
Usow
2020-07-28 08:37:55
Жакшы жанылык молоцы
+4
XATSAN125
2020-07-28 12:00:17
Кыргыздын кыйратмандары 25-50эвродон сатат уялбай нетпей как будто оздору чыгаргып койгонсуп
+4
Kuban-1207
2020-07-28 17:19:39
Кыргыз ошондой жаралган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан