Бүгүн, 30-июнда Баткен облусу боюнча коронавирус инфекциясы дагы 9 адамдан аныкталды. Муну менен облус боюнча жалпы оорулуулардын саны 77ге жетти. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде облус боюнча коронавирус инфекциясы аныкталган 9 адамдын ичинен:
Баткен шаарында - 2;
Баткен районунда - 1;
Кызыл-Кыя шаарында - 4;
Кадамжай районунда - 2 адамдан коронавирус аныкталды.
Оорулуулар сырттан келген жүк ташуучу унаанын айдоочулары, коронавирус инфекциясын кайдан жуктурганын билбегендер жана оорулуулар менен байланышта болгондор. Жарандар үчүн 118 номурунун операторлору жана мобилдүү топтор иштеп жатат. Мындан тышкары облустун ооруканаларынын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө 119 орун даярдалды.