Коронавирустун агресивдүү жана коркунучтуу түрү катталган Дананг шаарында аба каттамдар токтотулду

Вьетнамдын транспорт министрлиги COVID-19 вирусунун кыйла жугуштуу жаңы түрү келип чыккандыгына байланыштуу Дананг шаарындагы аба каттамдар толугу менен токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Транспорт министрлиги Дананг шаары менен байланыштуу бардык ички каттамдар 28-июлдан баштап 15 күнгө токтотула тургандыгын жарыялады", - деп жазылган министрликтин сайтында.

Мындан тышкары, Дананг шаарына каттаган бардык автобустар жана темир жол кызматтары шейшемби күндөн тарта токтотулат.

Буга чейин Вьетнамдын Дананг шаарында жана ага жакын жайгашкан провинцияларда коронавирустун жаңы түрү келип чыккан - ал мурда белгилүү болгондон дагы агрессивдүү жана коркунучтуу экендиги кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан