Саламаттыкты сактоо министринин орун басары шайлоого карата үгүт иштеринде санитардык нормалар сакталбай жатканы боюнча суроого жооп берди

Бүгүн, 28-сентябрда Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Анда ага "Шайлоого карата үгүт иштеринде санитардык нормалар сакталбай жатат. Министрлик буга кандай чара көрөт? Ошондой эле коомчулукта дагы санитардык нормаларды сактагандар аз болууда. Аларга кандай чаралар көрүлөт?" деген суроо берилди.

Үсөнбаев: "Үгүт иштери активдүү жүргүзүлүп жатат. Бирок көпчүлүк учурда санитардык нормалар сакталбай жатканын көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө үгүт жүргүзүп жаткан штабдарга барып, атайын эскертүүлөрдүн бардыгын бергенбиз. Аткарбаган учурларга айып пул салганга мажбур болуп жатабыз. Миңден ашык адамдарды чогултуп бет кап тагынышпай, аралыкты сактабаган учурлар болуп жатат. Эскертүү берип, айып пулдарды салып жатабыз", - деди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан