27-июль күнү өлкө боюнча 57 миң 750 погондук метр унаа жолдор, 25 миң 450 чарчы метр имараттар дезинфекцияланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалпы 2 миң 956 адамга ысык тамак-аш берилген.112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 5 миң 405 чалуу катталып, анын ичинен 140 коронавирус боюнча чалуу түшкөн. Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпитализация пункттарында жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө ӨКМ тарабынан 320 кызматкер жана 30 унаа тартылган.