Бишкектеги "Беш-Сары" соода борбору ишмердүүлүгүнө уруксат берилбесе да ачылып алган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Эки күн аралыгында санитардык-карантиндик эрежелерди сактабаган ишкерлер көп аныкталды. Сатуучулар арасында бет кап кийүү талабы дээрлик аткарылбай, санитайзерлер бош же такыр эле жок учурлар катталды. Ал эми "Беш-Сары" соода борбору иштөөгө уруксат берилген ишкананын катарына кирбесе да ачылып, көп эреже бузуулар менен иштеп жаткан.
Шаардын райондору боюнча түзүлгөн комиссия 300гө чукул ишканаларды текшерип, 10 протокол түзүлүп, 20 миң сомго айып пул жазылган.
Урматтуу жеке ишкерлер, шаардыктар! Сураныч, санитардык эрежелерди, аралыкты сактаңыздар! Вирус бар жана ал коркунучтуу. Анын жайылып кетпөөсү үчүн бардык эрежелерди сактайлы!", - деп жазылат маалыматта.