"Мен президент чакырат деп кайрымдуулук кылган эмесмин" дейт Айзада Жамгырчиева

Ырчы, алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын 21-июлда өлкө президенти кабыл алган ыктыярчылардын катарында болгону көпчүлүктүн кызуу талкуусуна түшүп, ар түрдүү кептер айтылды. Ырчы өзүнө карата айтылган сындар боюнча SUPER TV`га маек курду.

Кайрымдуулук иштерин жасаганы менен аны жарыя кылбай турганын айткан Айзада айым буларга токтолду.

"Жумурткадан кыр издегендер буга чейин деле болгон, боло берет. Эл адамы деп бекер айтылбайт. Эл деген көп, алардын ошого жараша ою болот. Мен кылган нерсемди көп жарыялаган жокмун, кайсы бир фондго кирип иштеген жокмун. Элден алып кайра элге берип жатышпайбы, мен акча маселесинен аябай корком. Мага Элсом ачып иштейли, акча чогулталы деген сунуш болгон. Чогулткан акчанын бир сому менин чөнтөгүмө кирип кетсе, анын дагы жообу аябай чоң. Мен өзүмдүн каражатыман жардам берейин, бирок антип иштебейм дегем.

Ооба, күндүзгү стационардын ачылышына өзүмдүн каражатыман жардам бердим. Таластагы Бакай-Ата ооруканысына 2 кычкылтек концентраторун алууга жардам бердим. Андан тышкары көп жардам кылдым, бирок анын баарын айткым келбейт. Инстаграмдагы баракчама жарыяладым, бирок төш кагып, популисттик көз караш менен кайрылган жокмун. Мүмкүн эл баракчамдан күндө эле клексан, гепарин дарылары, кайрымдуулук тууралуу постторду көрбөгөндүктөн, "бул эмне кылып жатты эле?" деп жатышкандыр. Сын боло берет экен. Негизгиси ошол сындарга сынбаш керек экенин түшүндүм. Сын болгондо курчуйт экенсиң. Менимче, ар бир инсан өз оюн айтууга укуктуу. Жаратканым кимдин чын, кимдин калп айтканын көрүп турат", - дейт ал.

Ал президент менен жолугушууга чакыруу алганда ишенбегенин айтат.

"Ушундай жаш эле кыз президент менен кантип жолугушуп калды? Башкалар жанын үрөп иштеп жатса..." деген сөздөргө менин жашым таасир этти окшойт. Мен президент чакырат деп кайрымдуулук кылган эмесмин, чакыруунун болорун күткөн да эмесмин. Президенттин протоколунун негизинде чакыруу болду. Мага биринчи жолу чалганда ишенген жокмун. Ошол эле күнү кечки убакытта чалып, жолугушуу өтө турган жердин өзгөргөнүн айтканда ишендим. Тизме кандай түзүлгөнүн билбейм, мамлекет тарабынан чакыруу болуп жатса, кимдер бар деп сурай албайт экенсиң. Эл тарабынан "тарбияң барбы, улууну урматтабайсыңбы" деген сындуу сөздөр айтылды. Бир чети капаландым, мен темир аял эмесмин да. Бирок кийинчерээк эмнеге капаланышым керек дедим. Улууну урматтаганды билем, айылда чоңойгон эле кызмын. Бул жерден саясат жасоонун кереги жок".

Президент Сооронбай Жээнбековдун Талас жергесине барганы менин сунушум менен дал келгендир дейт Айзада айым.

"Мен жолугушууда өлкө башчысына аймактарга барып, дем-күч берсеңиз деп айткам. Анан эртеси күнү эле президент Таласка жөнөп кетиптир. Таанышым "сенин сунушуңду угуптур" деп калды. Мен ошого кубандым, балким, чын эле менин сунушумду кабыл алгандыр, балким, ажонун иш сапары менин айтканыма дал келип калды.

Мен болгону 24 жаштамын, бирок жаш курак бул жөн гана көрсөткүч. Жолугушууда улуулар, кичүүлөр деле болду. Бирок кичүү муунду дагы уга тургандар болуш керек да. Жаш курагыма асылып "уятың жок экен, тарбияң барбы" деген сындар болду. Мындай сөздөр мага эмес, ата-энеме катуураак тийди. Капаландым, анткени пайгамбар жашындагы ата-энемдин жүзүнөн капаланууну эмес, жылмаюуну көргүм келет", - дейт ал.

Айзада Жамгырчиева сөзүнүн аягында эл деп жалпы айтпаганын, арасында жакшы сөзүн айтып, дем берип колдогондор болгонун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
satyke
2020-07-29 13:13:37
Кайрымдуулук кылыпсынар жакшы. Эми биринерден бирин отуп мактанып,таарынычынарды айтбай эле койбойсунарбы.
+20
Paol
2020-07-29 13:14:39
Коюнуз эми сиз унчукпай эле коюнуз
+7
bond02
2020-07-29 13:33:41
Оппоо, жанымда гана жоксун да болгондо таяк менен...
+17
Avrora2017
2020-07-30 14:53:52
bond02,таяк озундун башына ойноп кетпесин
-3
gulzat85
2020-07-29 13:47:26
Шестерка
+14
Arstan18.18
2020-07-29 13:57:50
Бул просто Анжеликанын жердеши! Болунгондоруда,
-1
Arstan18.18
2020-07-29 13:59:51
Алтыный Нарбаеваны Эрнест Борубаевди Адам беле деп коюштуда, булар тарбия корбогон жуткунуп мен мен деп тураттар дагы жакшы ушу мн алектенип отурасынар а то аш той жок озунорду корсото албай уйдон чыкпай калмаксынар.
-5
-BOSS-
2020-07-29 14:25:45
А.Нарбаева эжекебиз айттыго: "Мен бир дагы чиновниктин эшигин сагалаган эмесмин" деп. Демек президенттин алдына чакырыла турган активист ырчыларга жогору жактан сунуш болот окшойт, акча бер анан киресиң деп.
Таштасаң жашайсың деп айтышат го
+7
kechirmeni
2020-07-29 15:09:19
Тооба кылдым копчулугунон жакшы соз чыкпаптыр, азбы коппу кайрымдуулук иштерди жасаптыр,ии жакшы азамат деп коюш кыйынбы? Мынчалык ичибиз тар. Аарыга окшоп гулдорго конолу, чымынга окшоп тезекке конбой, катуу тийсе кечиргиле,келаткан Айт майрамынар менен!!! Мен силерди баарынарды жакшы кором, келгиле бири- бирибизди жакшы королучу, жамандабайлычы!!!
+3
Arstan18.18
2020-07-29 18:42:22
kechirmeni,андан коп кайрымдуулук кылгандарчы?. Негизи кеп кайрымдылуук кылгандардарында эмес элге аралашып чындап койгойду билип коруп журоктору ыйлап тургандар барышса болмок! Сен карачы Эрнест Борубаев мн ААлтыный Нарбаеванын баракчаларына кирип, бул Анжелика экоо далдактап .....,кайрымдуулук кылса эми элден топтоп элге таратып жатат. Эрнестти корсон канча убакыттан бери баш оту мн куйуп кирип журот! Ыйлап айтмак элдин койгойун. Анжелика булардай болуп жасанып тункуго чакыруу тушуп
+4
Avrora2017
2020-07-30 15:01:37
Arstan18.18,былжырабагылачы э Анжелика жап жакшына иштеп журот, оору башталгандан бери журот ушу кыз чуркап колунан келген ишин
жасап анда да жанын койбодунар диванный эшектер, Анжеликадан айланып кеткиле
-4
Arstan18.18
2020-07-29 18:42:40
kechirmeni, калчудай жетип барбай
+3
bratanyn
2020-07-29 15:49:06
Көп жардам кылдым айткым келбейт дейт!Сенден бирөө сурап жатабы?
+8
Dani
2020-07-29 17:01:50
Атырылатко мен эле мен деп,болбосо мындай болбойт эле деп
+4
Agayu
2020-07-29 21:16:42
Бирок А Нарбаева да өз командасы менен өтө көп меенет кылды , бирок акыйкат жок экен Кыргызстанда. Баары тааныш билиш , урук тууган , акчаң барбы болду , кыскасы биз жаштардан да толк чыкпайт .Азыр мен кыйынмын , мен сулуумун, менде акча көп дегендерди эл сүйбөй калды , балким тааныштары колдойттур Кыскасы жаштар , бизди эч ким келип өзгөртпөйт , өзүбүз гана өзгөртпөсөк. Эл адамы болгон , эң жакшы .
+7
Arai92
2020-07-30 01:02:54
Апееееей, сен болгону 24 жаштасынбы? Не может быть...эмне мынча карган коруносун?
+3
Genka
2020-07-30 10:51:59
Кайрымдуулук кылдык деп эле жаман болдунар го
+3
Bulak25
2020-07-30 11:13:27
Магада ушул кыз жакпайт,тастандап адеби жоктой
+2
XATSAN125
2020-07-30 11:41:02
Ким айтты сени Эл адамы деп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан