Бүгүн, 29-июлга карата республика боюнча коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркагандардын саны жалпы 34 миң 512 болду. Анын ичинен 16 миң 115 бейтап COVID-19, 18 миң 397 жаран пневмония менен жабыркаганы тастыкталган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөнүн бейтапканаларында жалпы 9 миң 830 оорулуу жатат. Анын 4 миң 115и COVID-19 илдетинен, 5 миң 715 бейтабы пневмониядан дарыланууда.
Аймактар боюнча:
- Бишкек шаары – 3 миң 915;
- Ош шаары – 587;
- Чүй облусу – 1 миң 226;
- Ысык-Көл облусу – 1 миң 37;
- Ош облусу – 1 миң 164;
- Баткен облусу – 490;
- Жалал-Абад облусу – 862;
- Талас облусу – 338;
- Нарын – 211.