Коронавирусту айыктыруучу дары жок, бирок варианттар бар. Дүйнө эли вируска каршы колдонуп жаткан негизги препараттар

Коронавирус пандемиясынан учурда дүйнөдө 952 миң 171 адам жабыркап келет. Алиге чейин вируска каршы атайын дары аныктала электигине байланыштуу ар кайсы өлкөдө өз алдынча изилдөөлөрдү жүргүзүп, бейтаптарды симптомуна жараша айыктырып келишет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан 4 препарат жана 4 терапиянын түрү

Уюмдун башчысы Тедрос Гебреисус "Solidarity" ("Тилектештик") деп аталган масштабдуу клиникалык изилдөөлөрдүн эл аралык долбоорунун башталганын билдирген. Анын алкагында түрдүү өлкөлөрдөгү коронавируска каршы колдонулуп жаткан препараттар тууралуу маалымат топтолуп, инфраструктура түзүлүп жатат. Эмне кылуу керек? Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтына бейтап тууралуу жана ооруканадагы бар болгон дарылар жөнүндө маалымат, макулдуктун электрондук көчүрмөсүн жөнөтүү зарыл. Андан ары систем бейтапты бир топко бөлөт, ал эми дарыгерлер терапиянын жыйынтыгын кабарлашы шарт. Бул долбоорго бир катар өлкөлөр кошулган.

Программанын алкагында терапиянын 4 түрү катышып жатат. Алар: ремдезевир, хлорохин же гидросихлорохин, лопинавир+ритонавир, лопинавир+ритоновир+β-интерферон (IFN-β1b). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дал ушуларды келечектүү деп эсептейт.

Ал эми коронавирус катталган өлкөлөр илдетке каршы кайсы дарылар менен күрөшүп жатышат? SUPER.KG порталы дүйнөдө коронавирус менен күрөшүү үчүн колдонулуп жаткан дарыларды тизмектеп чыкты.

Эл ремантадин айыктырат деп ишенип, дарыканаларды "тазалап койду"

Коронавирус жаңы чыгып, жайылып баштаганда калың журтка ремантадин деген дары жардам берет экен деген маалымат тараган. Ал дарынын баасы тез арада эки эсе кымбаттап, дарыканалардан эл сыйпалап таппай калган. Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары саясаты боюнча башкы адиси Айгүл Жакубекова элде чоң ишеним жараткан ремантадин дарысы сыяктуу вируска каршы дары-дармектердин коронавируска каршы таасири жоктугун билдирген. "Коронавирус оорусун жуктурган адамдардын 80 пайызында жеңил жана орточо түрүндө өтөт. Оорлошуп кеткен учурларда антибиотик колдонгонго туура келет. Негизгиси өз убагында дарыгерлерге кайрылуу керек", - деген адис.

"Коронавируска арбидол жардам берет" деген компания айыпка жыгылган

Январь айында Орусиянын 4 радиостанциясынан Орусиянын “Отисифарм” фармацевттик компаниясы өздөрү чыгарган арбидол дарысынын жарнамасын бердирткен. Жарнамада аталган дары коронавируска (COVID-2019) жакшы таасир берери айтылган. Ушундан улам эл арбидолду ала баштап, аягында дары талоонго түшкөн.

Орусиянын федералдык монополияга каршы кызматы (ФАС) аталган компанияны жалган маалымат тараткан деп таап, “Отисифармга” жарнама тууралуу мыйзамды бузгандыгы үчүн 200 миң рублдан 500 миң рублга чейин айып салына тургандыгын белгилеген.

ФАС ошондой эле арбидол дарысынын көрсөтмөсүндө дары сасык тумоонун A жана B түрүндө, ОРВИде жана коронавируска (Coronavirus), курч кармаган респиратордук синдромдо (ТОРС) колдонулат деп гана жазылганын, бирок COVID-2019 коронавирусуна таасири бар деген көрсөтмө жок экендигин белгилеген.


Кытай жана Япония фавипиравир дарысын колдонушкан

Алгач Кытайда япониялык "Toyama Chemical" компаниясы коронавируска каршы фавипиравир (дагы бир аталышы авиган) дарысын сатууга уруксат алганын билдирген. Аталган препарат потенциалдуу дары катары сатыкка коюлуп, клиникалык текшерүүдөн өткөн. Улуттук биотехнологияны өнүктүрүү борборунун башчысы Чжан Синьминдин айтымында, бул каражат Ухан жана Шэньчжен аймактарындагы вируска кабылган жарандарды дарылоодо колдонулган. Тестирлөөгө 240тан ашык бейтап катышкандыгы айтылат. Фавипиравир (авиган) дарысын колдонгондон 2 жарым күндөн кийин бейтаптардын дене табы калыбына келе баштаган. Ал эми аталган дарыны колдонбогон бейтаптардын дене табын калыбына келтирүү дээрлик 4 суткага созулган. Ошондой эле аталган дары жөтөлдү айыктырууда да эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Аталган препаратты Япония да коронавирус менен каршы күрөшүүдө колдонгон.

Фавипиравир — синтетикалык вируска каршы дары. 2014-жылы иштеп чыгарылган. Бул дарыны эболага каршы күрөшүүдө да колдонушкан.

АКШдагы коронавирус менен ооруган алгачкы бейтап ремдесивир дарысынан айыккан

Январдын аягында коронавирус пандемиясынан улам АКШда ремдесивир дарысына коронавируска каршы изилдөө жүргүзүп башташкан. Аталган дарыны АКШда алгачкы коронавирус жуктурган жаранга колдонушкан. Бейтап пневмонияга өтүшүп кеткенде дарыны ичип, эртеси күнү абалы жакшырып, көп өтпөй сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Аталган препаратты АКШ кызматташтык катары Кытайга да бир нече бейтапты дарылоо үчүн беришкен. Февраль айында Кытай да бейтаптарды вирустан дарылоодо ремдесивирди колдонуп баштаган. 17-мартта препаратты Чехияда вирустун оор формасын дарылоо үчүн бекитишкен. Малайзия коронавируска каршы ушул препаратты колдоно баштаары маалым болгон. Аталган дары эбола вирусуна каршы күрөшүү үчүн иштелип чыккан. Дүйнөдөгү коронавирус боюнча белгилүү адистер тобунун бири болгон Ральф Бариктин командасы пандемия чыкканга чейин эле аталган дарынын эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Аны чыгарган "Gilead" компаниясы азырынча оорлошуп кеткен гана бейтаптарга жана кыска эле убакытка дайындоого уруксат берип жатат. Анын үстүнө аталган препаратты азыркы суроо-талап көп болгон шартта АКШдан тышкары жакта табуу оор. Дарынын таблетка түрүндөгүсү жок, ийне аркылуу бейтапка берилет. 18-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дары колдонулуп, текшерүү жүргүзүлүп башталганын жарыялаган.

Чехия, Франция, Италия коронавируска каршы плаквенил препаратын колдонууда

Чехиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө плаквенил (plaquenil) препаратын сунуштаган. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Адам Войтех плаквенил дарысын коронавируска каршы дарылоодо жардам берерин айткан.

Андан сырткары Франция бийлиги 26-мартта плаквенил дарысын коронавирус менен жабыркагандарга колдонууга расмий түрдө уруксат берген. АКШнын президенти Дональд Трамп дал ушул дарыны "медицина тарыхындагы чоң ачылыштардын бири болууга жөндөмдүү" деп айткан.

Безгекке каршы вирустук-инфекциялык препарат гидросихлорохин (Plaquenil - бул соодадагы аталышы) франциялык "Sanofi Aventis" фирмасы тарабынан чыгарылат. Хлорохинди 1934-жылы немис химиги Ханс Андерсаг ачкан. Гидроксихлорохин - хлорохинден болгону эки атом менен айырмаланып турган зат. 2003-жылы Роберт Кауддун жетекчилигиндеги италиялык окумуштуулар SARS вирусу чыкканда хлорохинди коронавируска каршы күрөшүүдө колдонууну сунушташкан. Хлорохин - бүгүнкү күндө коопсуз, жөнөкөй жана арзан турган дары, аны таблетка иретинде кабыл алса болот.



Орусия безгекке каршы мефлохин дарысын колдонуу алдында турат

29-март күнү Орусиянын Федералдык медицина-биологиялык агенттиги коронавирус инфекциясын дарылай турган каражатты тапканын билдирген. Маалыматка ылайык, илимий-өндүрүүчү борбор кытай жана француз тажрыйбаларына таянып, коронавирус инфекциясын дарылаган безгекке каршы колдонулуучу мефлохиндин негизинде иштеп чыккан. Мефлохин 1970-жылдары америкалык аскерлер тарабынан иштелип чыккан.

"Макролиддик антибиотиктер менен синтетикалык пенициллиндин кошулушу бактериялык-вирустук синдромдун кайрадан жанданышына бөгөт коёт, ошондой эле кандын плазмасындагы жана өпкөдөгү вируска каршы каражаттардын концентрациясын күчөтөт. Бул ар кандай деңгээлдеги коронавируска кабылган адамды дарылоого жол ачат", - деп жазылган маалыматта.

Мындан тышкары мефлохиндин негизинде коронавирустун алдын алуу үчүн натыйжалуу жана зыяны жок схема иштелип чыгары маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ZUXRIDDIN20
2020-04-02 19:32:42
Алла Таала бизге ырайым кылып Кандай даары болсода жакшы эффект берип вирус деген балээден кутулсак экен.
+22
erlan2196
2020-04-02 19:44:38
Бир вариант бар. Даваатты токтоткула, умрасы, ажысы жок эле оокат кылгыла. Анан уйдо олтуруш керек. Башка эч нерсе жардам бербейт.
+1
filis
2020-04-02 19:47:22
Жараткан Тенирим колдоп, тынчылык берсе баары жакшы болот. Тенирим буюрсун.
-13
ika8086
2020-04-02 22:19:04
filis,Аллах деп айтып жур.Тенир дебе
-1
bond0202
2020-04-03 07:21:30
filis,ар кимдин согуусун угуп кайф алат окшойсун э тенирин экоон
+2
Islambek123
2020-04-02 20:17:36
Витамин жон гана бизнес
-3
rola
2020-04-02 23:07:25
Алла колдосун.Ооругандарга шыпаа берсин.
+4
urmat94
2020-04-03 02:50:03
Биздикилер эмнени колдонуп атат ошону да жаза кетпепсинер
+3
ZUXRIDDIN20
2020-04-03 11:14:54
urmat94, парацетамол менен цитрамонду новокаинге эритип сайишип жатат
-1
filis
2020-04-03 10:03:46
Жараткан Тенир колдосун элимди.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан