Бүгүн, 30-июлда Жалал-Абад шаарындагы бала бакча имараты оорукана иретинде пайдаланууга берилип, 120 орунга ылайыкташтырылды. Керектүү жабдыктар менен камсыздалып, шарттар түзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
"Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жаңы ачылган жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү шарттар менен таанышып чыгышты. Бул бөлүмдү ачууну Нурболот Мирзахмедов демилгелеп, шаардык мэрия колдоого алган. Калаа бийлиги керектүү шарттарды түзүүгө көмөктөштү", - деп жазылган билдирүүдө.
Кошумча ачылган жугуштуу оорулар бөлүмү Жалал-Абад шаарынын тургундарын жана облустагы башка район-шаарлардан жарандарды кабыл алат. Имарат Курманбек аймактык башкармалыгынын Курортный ключ көчөсүндө жайгашкан.
Азырынча облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө орун жетишпестиги жарала элек.