Кытайда сутка ичинде 49 адамдан коронавирус аныкталды

Коронавирус инфекциясынын очогу болгон коңшу Кытайда акыркы бир сутка ичинде 49 адамдан инфекция аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын 16сы сырттан келген болсо, калганы жергиликтүүлөр. Ошондой эле оорунун симптомдору байкалбаган дагы 20 адам аныкталган. Ал эми сутка ичинде каза болгондор катталган жок жана 14 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Кытайда жалпы 87 миң 827 адамдан коронавирус аныкталды. 4 миң 667 адам каза болсо, 80 миң 907 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан