Орусиянын аймагына кирүүнүн жаңы эрежелери

Ушул жылдын 1-августунан баштап Орусиянын аймагына кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги маалымдап, жаңы эрежелерди жарыялады. Ага ылайык:
* Орусиянын аймагына кире турган Орусиянын жарандары төмөнкүлөрдү аткаруусу керек:
- Орусиянын аймагына учуп барганга чейин мамлекеттик кызматтардын https://www.gosuslugi.ru/394604/1 порталында атайын форманы толтуруу зарыл (форманы толтуруу рейс катталганга чейин болушу керек, билетти алганга чейин);
- Орусияга учуп келгенден кийин 3 күн ичинде ПЦР ыкмасы менен коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгын мамлекеттик кызматтардын https://www.gosuslugi.ru/400705/1 порталына жүктөө зарыл. Ал Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун көзөмөлдөө кызматына жөнөтүлөт.
* Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн жарандары коронавируска карата тапшырган ПЦР-анализинин жыйынтыгын ( оору жок деген) жанына алып жүрүүсү кажет. Анализ Орусиянын аймагына киргенден 3 күн мурун тапшырылышы шарт.
"Аква Лаб" лабораториясында тапшырылган анализдер кабыл алынат. Анткени бул анализдердин аныктыгын Орусиянын аймагында интернет аркылуу текшерүүгө мүмкүн.
Мындан тышкары Орусиянын аймагына иштөө үчүн келген чет элдик жарандар мурдагыдай эле келгенден кийин 14 күндүк обочолонууда болууга тийиш.
Элчилик Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда туруктуу авиакаттамдарды калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алына электигин эскертет.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2020-08-03 11:39:09
«Аква Лаб» мамлекеттикиби же жеке менчикпи деген суроо туулат да.
+13
gulzat85
2020-08-03 12:06:08
Ошондо ачылдыбы чек ара?
-7
KAYRATBEK
2020-08-03 15:25:30
gulzat85, Ай эжекеси. Жакшылап шашылбай акырына чейин окусаныз. Жол ачылды деп жоолукту ыргытпай. Туруктуу мурункудай жол ачыла элек. Жолду ачууга Орусия даяр, бирок Кыргызстан ага даяр эмес. Кыргыстан баш аягын таппай атат.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан