Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл Ысык-Көл облусу ички туристтерге басым жасайт. Бул тууралуу облус башчысы Акылбек Осмоналиев онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.
"Бүгүнкү күндө туризм тармагы дүйнө жүзүндө зыянга учурап жатканын жакшы билебиз. Бирок биздин үмүтүбүз чоң. Былтыркы жылы Ысык-Көл облусунун аймагына келген туристтердин 83 пайызы өзүбүздүн өлкө ичинен келген туристтер болуп эсептелген. Ал эми 14 пайызы КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтер болсо, 2 пайызы Европа өлкөлөрүнөн келгендер жана 1 пайызын башка мамлекеттен келген туристтер түзгөн. Бул көрсөткүчтү эске алуу менен биз быйыл басымдын бардыгын ички туристтерге жасайлы деп турабыз", - деди облус башчысы.