Орусияда коронавирустан айыккандардын саны 650 миңден ашты

Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 394 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 79 адам каза болсо, 3 миң 420 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 693 (айыккандар 842);

Свердлов облусунда - 196 (айыккандар 107);

Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 172 (айыккандар 205);

Санкт-Петербург шаарында - 160 (айыккандар 75) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 856 миң 264 адамдан коронавирус аныкталды. 14 миң 207 адам каза болсо, 653 миң 593 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан