Орусиялык дарыгер: "COVID-19 илдетин дарылоо жолун кыргыз дарыгерлери мыкты өздөштүрүшкөн"

Коронавирус инфекциясын дарылоо жолун Кыргыз өлкөсүнүн дарыгерлери мыкты өздөштүргөнүн Орусиянын Башкортостан Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов билдирди. Ал баштаган орусиялык дарыгерлердин тобу өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын кыдырып чыгышкан.

“Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарындагы жана Ош менен Бишкек шаарларындагы муктаж медициналык мекемелерди кыдырып чыктык. Эпидемияга каршы иш-чараларды туура жүргүзүү боюнча сунуш-пикирлерибизди бердик. Бирок Кыргыз өлкөсүнүн дарыгерлери COVID-19 илдетин дарылоону мыкты өздөштүрүшкөнүн байкадык. Биз барган медициналык мекемелерде дары-дармектер жана медициналык жабдуулар жетиштүү экен", - деди Евгений Кустов.

Ал Кыргыз өлкөсүндө эпидемиологиялык абал басаңдаганына карабай, айрым чектөөчү иш-чаралар улантылышы керек дейт. Анын айтымында, илдеттен сакайган жарандар бет кап тагынууну, социалдык аралыкты сактоону, адамдар көп топтолгон жерлерге барбоону, жеке гигиенаны эсинен чыгарбоону сунуш кылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
oscar
2020-08-04 21:12:52
Баштан өттү да
+3
KG-zigit
2020-08-04 21:36:43
Спасибо за комплимент деп койдунарбы деги...
+6
algakaray
2020-08-04 23:45:18
Мактап эле атышат Россия, Казакстан бизди. Мактагандай эле болсун. Элдерибиз да айабай биримдиктуу экен деп атышат. Бири бирин айбай колдошот экен деп тан калып атышат.
+8
al-abu-kinesz
2020-08-05 00:36:24
Элибиздин меймандостугун корсотуп бир аз тойканаларга меймандап койдунарбы деги
-3
dobrajelatel
2020-08-05 00:56:01
Оозун майлап каттуу сыйлашкан го
0
Bekish-
2020-08-05 03:59:28
Кудайга шүгүр Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы эле чара көрүп жатат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан