"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны 698 миң 232ге жетти

Бүгүн, 5-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 18 миллион 458 миң 646 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 10 миллион 841 миң 436 бейтап айыгып чыкса, 698 миң 232 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 768 миң 83 адамдан коронавирус аныкталды.156 миң 753 адам каза болсо, 1 миллион 528 миң 979 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 801 миң 921 адамдан аныкталды. 95 миң 819 адам каза болсо, 2 миллион 142 миң 467 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 855 миң 745 адам вируска кабылган. 38 миң 938 бейтап көз жумса, 1 миллион 230 миң 509 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан