Орусиянын Владимир облусунун башчысы Владимир Сипягин эки ай мурун коронавирус менен ооруп айыккан медицина кызматкери кайрадан коронавирус жуктуруп алганын айтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Буга байланыштуу ал облустун жашоочуларын аралыкты сактап, бет кап тагынууга чакырды. Облус башчысынын маалымат катчысы эки жолу коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкери айыгып, иштеп жатканын билдирди. Буга чейин Орусияда коронавирусту кайрадан жуктуруп алгандар тууралуу расмий маалымат берилген эмес", - деп жазылат маалыматта.