Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 102 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 129 адам каза болсо, 7 миң 123 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 689 (айыккандар 1088);
Свердлов облусунда - 167 (айыккандар 83);
Санкт-Петербурга шаарында - 161 (айыккандар 93);
Москва облусунда - 152 (айыккандар 215) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 902 миң 701 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 15 миң 260ы каза болсо, 710 миң 298и айыгып чыкты.