Орусияда коронавирустан айыккандардын саны 720 миңден ашты

Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 65 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 114 адам каза болсо, 6 миң 568 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 688 (айыккандар 1350);

Санкт-Петербурга шаарында - 159 (айыккандар 72);

Москва облусунда - 156 (айыккандар 159)

Свердлов облусунда - 154 (айыккандар 75) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 912 миң 823 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 15 миң 498и каза болсо, 722 миң 964ү айыгып чыкты.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан