Ош шаарынын вице-мэри: "Бүгүнкү күндө той-аштарды өткөрүүгө расмий уруксат берилген эмес"

Азыркы учурда той-мааракелерди өткөрүүгө расмий түрдө уруксат берилген эмес. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев брифингдин жүрүшүндө билдиргенин республикалык штабдан кабарлашты.

"Бүгүнкү күндө той-маараке, аш өткөрүүгө расмий уруксат берилген эмес. Эгер той иш-чаралар өтүп жаткан фактылар болсо, Ош шаарынын мэриясына кайрылсаңыздар болот. Кимде-ким той өткөрүүгө жол берсе, айып пул салынат. Буга чейин санитардык нормаларды сактабаган учурлар катталып, жалпы 1 миллион сомго жакын айып пул салынган", - деди Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jazi89
2020-08-25 14:57:33
Жалабат облусунда той аштар отуп жатат , супер инфо ушуларга да козомол кылып койгулачы .Кече эле биздин кошуна той берди кадимки ЗАКС болду кафеде чон той болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан