"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орто-Саз айылы тууралуу баян кылабыз.
Айыл Чет-Нура айыл аймагына карайт. Нарын дарыясынын жээгинде, деңиз деңгээлинен 2088 метр бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1930-жылы пайда болгон.
Калкынын саны 150 түтүн.
Айыл эли жалпысынан мал чарбачык менен алектенет.
Айылда орто мектеп, китепкана, ФАП жана маданият үйү бар.
Айылдын Орто-Саз аталып калганынын себеби...
Айылды экиге бөлгөн саз бар болгондуктан Орто-Саз аталып калган. Айыл кичинекей, жайы салкын, кышы суук. Кар калың түшөт.
Айылга Жолдон Саламатов атындагы жаңы мектеп салынган. Ага математик, академик Жолдон Саламатовдун аты берилген. Айылдын жаштары бош убактыларында спорт менен машыгып турушат. Райондук, облустук, республикалык сынактарга катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп жүрүшөт.
Айыл эли мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишет. Жазында буудай, арпа картошка, чөп айдашат. Айрымдар помидор, бадыраң, капуста, сабиз айдашат. Айыл эли сүт азыктарын баалап, сары май курут, каймак жашоочулардын күнүмдүк тамак-ашына айланган.
Сүрөттөгү айылдын жашоочусу Жазгүл Жамсап кызы. Айылда башталгыч класстын мугалими. Ал сайма саюу менен дагы алектенет.
Айыл эли ынтымактуу, эмгекчил келип, таланттарга бай. Эл ичи өнөр кенчи дегендей, калк арасында катылган таланттар көп. Айыл ичинде түрдүү кароо-сынактар байма-бай өткөрүлүп турат. Сармерден, ыр кеселерге активдүү катышып турушат.
Тургундар төө дагы багышат.
Айылдын атактуу жайлоолору...
Айылдын карамагына тиешелүү көргөн адамдын көзүн кубантып, көңүл борборунан орун алган жайлоолор бар. Алардын бири Ак-Сай жайлоосу жана Кемпир учту чокусу. Бул чокунун эмнеден улам аталып калганы да кызыктуу. Илгери бир кемпир ошол чокуга барып, шырдак шырычу экен. Ошентип отурган күндөрдүн биринде анын ийнеси түшүп кетет. Кемпир ийнесинин артынан кошо өзү дагы учуп, кулаган экен. Ошондон улам Кемпир учту чокусу аталып калган.
Айылдын жашоочусу Жазгүл Жамсап кызы Орто-Саздын чайы өзгөчө деп ичишерин айтат. "Айылдын тургундары чайкор. Чоң атасынан кичине баласына чейин сүттөп куюлган коюу чайды көп ичишет. Башка жактагылар дагы чайыңар өзгөчө деп ичип кетишет", - дейт ал.
Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келсе SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз. SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр.
Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!