"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 25 миллион 398 миң 619 адам жуктуруп алды

Бүгүн, 1-сентябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 25 миллион 398 миң 619 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 16 миллион 736 миң 484 бейтап айыгып чыкса, 849 миң 31 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 28 миң 12 адамдан коронавирус аныкталды. 183 миң 563 адам каза болсо, 2 миллион 184 миң 825 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 908 миң 272 адамдан аныкталды. 121 миң 381 адам каза болсо, 3 миллион 268 миң 591 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 3 миллион 621 миң 245 адам вируска кабылган. 64 миң 469 бейтап көз жумса, 2 миллион 774 миң 801 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан